Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарында 38 жаштагы аял Курманжан датка көчөсүнө жакын жайгашкан көпүрөдөн секирип каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, айымдын өздүгү аныкталды. "Ал 1977-жылы туулган, психикалык жактан ооруган айым экенин туугандары айтышты. Алардын билдиришинче, айым бүгүн үйдөн чыгып, ооруканага жөнөгөнүн айткан. Учурда айымдын мындай кадамга баруусуна эмне түрткү болгону иликтенүүдө",- дешти милиция кызматкерлери.
Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун артында балдары калды.