Сокулукта айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп, оодарылып кетти. Кырсыктан 19-20 жаштагы эки жүргүнчү каза болду

Сокулукта айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп алды. Натыйжада окуя болгон жерден эки жаран жан берип, бир адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-ноябрда саат 01:00дө Сокулук районунун Чат-Көл айылында болгон жол кырсыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Анда 20 жаштагы П.А. Мерседес-Бенц-220 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып даракты сүзгөнү белгилүү болгон. Унаа оодарылып, ичиндеги жүргүнчүлөр: 1996-жылы туулган кыз К.Л., 1995-жылы туулган К.А. аттуу бала алган жаракатынан мерт болушкан. Үчүнчү жүргүнчү 1993-жылы туулган Л.Д. ооруканага жеткирилди. Факт боюнча экспертиза дайындалып, унаа айып төлөөчү жайга жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Leylektik-77777
2015-11-05 14:18:56
Эх шордуулар жап жаш кетеберипсинерда.Жаткан жеринер жайлуу болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан