Кара-Сууда бир үй-бүлөдөн 3 адам иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 4-ноябрда саат 15:30 чамасында Кара-Суу районунун Ак-Колот айылынын тургундары 1986-жылы туулган Гүлүмкан Сулайманова, анын 2009-жылы туулган кызы Мадинанын жана 2011-жылы туулган баласы Раатбектин өз үйүндө жансыз денелери табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар уктап жатканда меште толук күйбөй калган көмүрдүн газына ууланышкан. Учурда иликтөө жүрүүдө.