Бишкекте бирөөнөн 1 миллион 69 миң сом алып, таптырбай жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, милицияга 35 жаштагы Сергей аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында жакын тааныш эмес Светлана аттуу аял анын ишенимине кирип, 1 миллион 69 500 сом карыз алганын жана таптырбай кеткенин жазган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.