Чүй облусунун 21 жаштагы тургуну 315 грамм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 4-октябрь күнү саат 20:00 чамасында ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөр отуруучу орундугунун алдынан скотч менен оролгон 315 грамм кара куурай табылган. Аталган зат экспертизага жөнөтүлдү.
Бул факт боюнча 1994-жылы туулган Чүй облусунун М.Э. аттуу тургуну кармалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.