4-ноябрь күнү болжол менен саат 19:00дө Сокулук районунун Биринчи Май айылында жол кырсыгы катталган. 1977-жылы туулган Э.У. аттуу айдоочу ВАЗ-2107 автоунаасы менен бара жатып, жолдон өтүүгө аракет кылган 3 кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жабыркаган 3 кыз тең 2000-жылы туулган. Алар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилишти. Ал эми айдоочунун мас абалында болгону маалымдалат. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.