Москва районунда 47 жана 44 жаштагы тургундар “бейбаштык кылды” деп шектелишүүдө

Чүй облусунун Москва районунда 47 жана 44 жаштагы тургундар “бейбаштык кылды” деп шектелишүүдө. Муну бүгүн, 6-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун 1970-жылы туулган С.Н. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 5-ноябрь күнү саат 00:40 чамасында азиат түспөлүндөгү эки белгисиз адам Беловодск айылында жайгашкан дүкөндөрдүн биринин айнегин сындырып кетишкен.

Бул факт боюнча кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1968-жылкы К.Ж. жана 1971-жылкы Т.Н. аттуу жарандар кармалышты. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
novayariga
2015-11-06 13:06:29
Бейбаштык кыла турган курак ушул куракпы азыр?
+2
Medina87
2015-11-06 13:13:49
Колу менен кылган болушса моюндары менен тартышсын.
0
orhidea
2015-11-06 13:49:59
Улуу кишилер ушинтип жатса жаш балдар кайда бармак эле. Чон ата болчу куракка барып калышыптыр...
+1
kanyshaikg
2015-11-06 14:06:56
ахахахахах
0
tengara
2015-11-07 15:16:03
Ужас, бейбаштык кылса колго чаап, бурчка тургузуп коюш керек. Стул котортуп.
0
bond0202
2015-11-07 22:02:32
жаш кездерин эске салышканго менимче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан