Коомдук жактоочулар судьяга: "Келдибеков толук акталышы керек"

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Анын жүрүшүндө айыпталуучунун коомдук жактоочулары Курманбек Осмонов жана Азимбек Бекназаров Келдибековдун кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок экенин айтышып, аны актоо керектигин судьядан суранышты. "Келдибековго карата кылмыш иштери саясий тапшырма менен козголгон",- дешти жактоочулар.

Эскерте кетсек, буга чейинки соттук отурумда прокурор судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн жана "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча жаза берүүнү суранган.

Келдибековго карата соттук өкүм бүгүн чыкпай калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан