Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Чырак айылында Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 1964-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран маңзат менен кармалган. Бул тууралуу 6-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Тинтүү учурунда кармалган жаранга тиешелүү 3 мүшөктөн жыты кара куурайга окшош, жашыл түстөгү зат табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында мүшөктөгү 16 килограмм 800 грамм салмактагы зат марихуана экени аныкталган.