ЭЛДИК КАБАР: Таш-Көмүрдө жардан түшүп кеткен немис овчаркасын жаш жигит куткарып калды

Бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жардан түшүп кеткен итти жигит куткарып калды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бүгүн саат 12:00 чамасында жергиликтүү тургундун немис овчаркасы 30 метрлик жардан түшүп кеткен. "Өзгөчө кырдаалдар кызматына кайрылса, "биз адамга гана жардам бере алабыз" деп баш тартышкан. Таалайбек деген жигит даракка аркан байлап түшүп, Алый аттуу итти куткарып калды. Ит ээлери Таалайга ыраазычылык билдиришет",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
omka100514
2015-11-06 16:31:14
молодец +5 сага
+8
Sake80
2015-11-06 16:41:56
Во ушуга бериш керек кийинки смартфонду.Эч ким база элек ит жонундо.Быякта иттен башка канча жанылыктар чыкпай атса ит дейт да
-3
EAmirbek
2015-11-06 16:43:34
Орустарда болгондо телефон эле эмес баатыр деген наамды кошо бермек
+6
balzak
2015-11-06 17:09:19
азамат экен!!
+5
Medina87
2015-11-06 20:40:32
МЧСтегилер не дээр экен эми. Ал эми куткаруучу жигитке рахмат, ит экен дебей оз омурун тобокелге салып куткарганына!
+1
33SUUN
2015-11-07 02:34:26
Итти куткарганы жакшы болуптур,бирок эми милицияга чакырылып тушунук кат жаза берип жадабаса эле болду.(Омурунду эмнеге тобокелге саласын!А?)Милициянын суроолорунан бир узунду.
0
albina2010
2015-11-07 04:00:31
33SUUN, ха ха ичти эздинго
0
aijan280389
2015-11-07 05:03:11
Азаматсын итти сактап калыптырсын. Бирок ит эмес канчалаган адам омурун сактап калгандар деле журот го элге жарыя кылбай эле.
0
Sandrana
2015-11-07 12:18:18
Ит адамдын досу дейт,бечаара боору ачыганы учун сактап калдыда,итти деле Кудай жараткан ушул кылганын учун да чоон сооп алдын азаматсын!
0
aksy-beka
2015-11-08 18:33:48
ооо менин боломго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан