Ноокат районунда "мектептен компьютерлерди уурдаган" деген шек менен үч бала кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Ош шаарынын аймагынан колго түшүштү. "4-ноябрь түнү үч белгисиз адам Көк-Бел айылындагы мектептин компьютердик бөлүмүнө кирип, 2 компьютер, принтер, ксерокс аппаратын жана башка буюмдарды сыртка чыгарып, Хундай Авенте унаасына жүктөп кеткен. Жолдо унаанын майы түгөнүп баштаганда, саат 02:00дө ушул эле айылдагы май куюучу жайга барып, бычак менен коркутуу аркылуу акча тоношкон. Жалпысынан 3 миң сом алышып, унааны май менен толук толтуруп, белгисиз жакка кетишкен",- деп жазылат маалыматта.
Учурда келтирилген зыяндын көлөмү эсептелүүдө. Ноокат райондук милициясынын тергөө бөлүмү "уурдоо" жана "каракчылык" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.
"Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 3 жумушсуз тургунун кармашты. Алар 1996-жылы туулган М.М., С.Ж. жана 2000-жылы туулган К.А. аттуу балдар. 19 жаштагы С.Ж. аттуу жигит аскерден жаңы келгени аныкталды. 15 жаштагы К.А. 9-класска чейин эле окуганы анык болду. Мектепте жаман окуганы жана тартип бузуулары үчүн ал окуу жайдан четтетилген",- деп билдирет милиция.
Көк-Бел айылындагы мектептен уурдалган техника Кара-Суу районунда кылмышка шектүүлөрдүн таанышынын үйүнөн табылды. Ал эми принтер ломбарддан табылды. Учурда кармалган балдар убактылуу кармоочу жайга отургузулушту. Тергөө амалдары уланууда.
Айта кетсек, аталган мектептен компьютерлерди уурдоо фактысы боюнча окурманыбыз ЭЛДИК КАБАР жөнөткөн.