"2 миллион рубль каражаты менен Орусиядан качып кеткен Эгемберди Иманбеков көп акчага азгырылып кетиши мүмкүн",- дешти бүгүн, 6-ноябрда SUPER.KG порталына жабырлануучу кыргыз жарандары.
"Биринчиден, эгер полиция аны кармап, документинин мөөнөтү бүтүп калганын аныктаса, ошол бала иштеген фирмага 400 миң рубль айып пул салат. Ал баланын каттоосу 2016-жылдын август айына чейин болчу. Экинчиден, полиция ал бала жөнүндө Орусиянын Федералдык миграция кызматына маалымат жөнөтүшү керек эле, тез арада депортация кылып салбай. Ошондуктан "полициянын колуна түштү" дегени окшошпой жатат. Анын калп айтканынын себеби бар болсо керек",- деп күмөн санашат мекендештер.
"Эгемберди Иманбеков менен 2 жылдан бери чогуу иштеп, чогуу бир жумушту кылып, чогуу тамак жеп келебиз. "Өзү байланышка чыкты" деп айтып жатышат. 500 миң рубль кайтарып бериптир, ал эми калганын болсо дүйшөмбү күнгө чейин таап берерин айтыптыр. "Арыз жазбай тургула" деп сураныптыр. Эгер акчаны кайтарып бербесе, арыз жазат болушубуз керек, анткени кээ бирлеринин банкта насыялары бар. Эгер бул жактан арыз жазышса, ал баланы Тюмень облусунан соттойт. Анын мындай кыларын эч ким ойлогон эмес да. Көп акчага азгырылып кетиши мүмкүн",- дешти жабырлануучулар.
Эскерте кетсек, 1-ноябрда кыргыз жараны Эгемберди Иманбеков Орусиянын Ямало-Ненецк автономдук округунун Новый Уренгой шаарындагы ишканалардын биринде 50 чакты мекендешинен "акчаңарды туугандарыңарга которуп берем" деп, жалпысынан 2 миллион рубль чогултуп, банкка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.