3-ноябрда "Ош базарынан" жумуштан чыккан боюнча дайынсыз жоголгон Амантур Актамов изделүүдө. Туугандарынын айтымдарында, ал Бишкектин Арча-Бешик конушунда турат. 1993-жылы Бишкекте туулган, үй-бүлөдөгү жалгыз бала.
"Ал №80-мектепте 9-класска чейин окуган. Бою 177 сантиметр. Билгендер болсо, (0708) 16-07-68 телефон номери аркылуу чалып койсоңуздар. Бүгүн 4 күн болот, дайыны жок, эч ким билбейт",- дешет жигиттин туугандары.