ЭЛДИК КАБАР: Жакында Аксы районундагы Торук айылынын ар бир көчөсүнөн таза суу чыга баштайт

"Аксы районунун Торук айылында 2800 жашоочу бар. Биздин айылда көп жылдан бери таза суу олуттуу маселе болуп келген. 3 чакырым алыстыкта жайгашкан коңшу айылдан суу ташып келчүбүз. Мына эми Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын долбоорунун негизинде ар бир көчөгө таза суу чыгарылып жатат. Тургундар ашар жолу менен күндө иштеп жатышат, эми элибиз таза суудан кыйналбайт",- деп окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KGге кабарлады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
talant87
2015-11-07 15:44:26
А жакшы ошондо кайсыл жерден келет суу
+1
Sandrana
2015-11-07 15:56:21
Эч болбосо суу чыкканда гана жарыя кылгылачы,жакында той болгону жатат даярданып жатабыз деп да чыгаргыла эми...))
-3
skatoruk
2015-11-07 16:05:37
Sandrana, эмнеси жаман жакшы дегендин ордуна тескери суйлобой.
+3
BakytAliev
2015-11-07 16:37:43
Sandrana, ичээрге суун жок болгондо тушунот елен суйунгонунон чыгарып атат да
+4
skatoruk
2015-11-07 16:04:06
Жакшы кабар эми суу чыгып калсын тезирек
+2
mirlank83
2015-11-07 16:44:06
Эн жакшы кабар. Позитив. Малдес.
+2
mr.sher
2015-11-07 17:25:14
Кош-добонун Торук айылыго
+1
munara.11.
2015-11-07 22:37:45
оо менин тагаларым жашаган айылгоо...чынында айылдап барганда менда алыстан очеред кутуп суу ташышчумун...эми жакшы болуптурда
0
Seitbek_90
2015-11-07 23:02:14
Кыш келгенде суу чыгарышат экенби ээ))))))))))) буга чейин эмне эшек такалашыптырбы))
-2
skatoruk
2015-11-08 11:11:29
Seitbek_90, убакыт сааты эми чыгып акча эми которулса эмне кылышсын. Оозуна келгенди оттогон адам экенсин!!!!!!
0
Shat.88
2015-11-07 23:37:47
Ооо кандай жакшы жанылык,кыргыз айылдарынын кобунон суу чыкпайт эмеспи,балалыгынды эстечи десе ар бир учунчу жаран суу ташыганын эстейт болуш керек.
0
behappy74
2015-11-08 08:31:36
Аксыда кайдагы Бекназаровдун таламын талашып кырылганча небак оз алдынарча далалат кылсанар мындан да чон ийгиликтерге жетет эленер.Бекеазаров бироого жакшылык кылды деп уга да элекпиз. Оз чонтогу учун корунгонго адвокат болгондон башка. Неси болсо да ийгилик сиздерге,жакшы кабар.
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-11-08 10:10:07
behappy74, Сен кызык экенсиң.. Бекназаровдун талабын талашып аксылыктар кырылып калды деп кайсыл жерден уктун эле.. Кудайга шүгүр өздөрү эле бүтөрүп келе жатышат.. Эгер билсен Бекназаровдон эч ким эч нерсе үмүт этпейт..болгону убагында чындык сүйлөп камалганы үчүн чыгарып алышкан..Аксы десе эле Бекназаровду элестете берүү туура эмес деп ойлойм
0
skatoruk
2015-11-08 11:16:15
behappy74, ХХХ ХХХ ХХХ... Бекназаров убагында Узонгу-Кууш кытайга сатылганда каршы чыккан. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-11-09 13:00:54
skatoruk - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-11-08 10:13:03
Жакшы жанылык жердештер... Ишинерге ийгилик. Эртерээк суу чыгарып алгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан