Бишкек шаарында төрт кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулганы аныкталды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы жана ИИМдин 5-Башкы башкармалыгы тарабынан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаары боюнча аймактык башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкектеги Осмонкул көчөсүндөгү №172-жер тилкесинде укук берүүчү документтерисиз 4 кабаттуу үй курулгандыгы аныкталган. Ал эми аталган инспекциянын жооптуу адамдары мыйзамсыз курулган объектиге тыюу салуу жана аны токтотуу боюнча тиешелүү чараларды көрүшкөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан