Бишкекте "21 жаштагы тургунду тоноду" деп 3 жаран шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан бүгүн, 9-ноябрда билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине жергиликтүү тургун тоноо боюнча арыз менен кайрылган. Ал 8-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында Ак-Муз жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп уюлдук телефонун жана акчасын тартып алышканын айткан.
Бир сутка ичинде шектүү катары Нарын облусунун жана Бишкектин тургундары кармалып, “тоноочулук” беренеси менен кылмыш иши козголду.