Ош-Ноокат жолунда кырсыкка кабылган унааны экинчи унаа сүздү. Анын кесепетинен 3 жүргүнчү каза болуп, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 7-ноябрда саат 19:20 чамасында Ош-Ноокат унаа жолунун 7-чакырымында болгон. Анда жолдун четинде 2 даана чоң, узун суу түтүктөрү жүктөлгөн Урал-ЗиЛ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бузук абалда, ээси жок токтоп турган. Аны Хонда Фит унаасы артынан сүзүп, 2 адам жаракат алган. Жабырлануучулар өздөрү унаадан чыгышып, жолдун четинде турушкан. Арадан 5 мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес-Вито үлгүсүндөгү унаа Хонда Фитти артынан сүзгөн. Анын кесепетинен жүк ташуучу унаадагы темир түтүктөр Мерседес-Витонун алдынкы айнегин жарып кирип, ичиндеги 3 адамга тийген. Кырсыктан үчөө тең каза болду.
Окуя болгон жерге ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине тапшырышкан. Жабыркагандарды “Тез жардам” кызматы алып кеткен.