Бишкекте ок атуучу куралдарды сактап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Бишкекте ок атуучу куралдарды сактап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 10-ноябрда билдиришти. Маалым болгондой, милицияга 10-кичи районунун 50 жаштагы З.Нурзия аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ушул жылдын 7-ноябрь күнү белгисиз адамдар үйүнүн эшигин сындырып кирип, акча каражатын, зер буюмдарды жана кымбат баалуу жабдууну уурдап кетишкен.

Бул факт боюнча “тоноо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Кылмыштын изи сууй электе шектүү катары буга чейин соттолгондор: 29 жаштагы Казакстандын жараны, учурда Бишкек шаарында жашаган М.Александр жана 35 жаштагы Чүй облусунун тургуну, борбор калаада убактылуу жашаган И.Ахмед колго түшкөн. Алардын турак жайы текшерүүгө алынганда, үйдөн ок атуучу куралдар табылган.

Бүгүнкү күндө жогорудагы кармалгандардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shailoo2015
2015-11-10 12:00:05
өлдүңөр эми
+2
Rifle
2015-11-10 19:57:30
Куралданган сантехниктер эмесби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан