Ош облусунда көмүр казууга баргандарды топурак басып калды. Кырсыктан 3 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу 10-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 5-ноябрда саат 12:00 чамасында Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Кожокелен айылында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, балдар Ы.Исмаиловго таандык "Кайнар” көмүр кенине барышкан. Көмүр казып жаткан учурда борпоң топурак көчүп түшкөн. Анын кесепетинен 3 адам топурактын астында калып каза болгон.
Каза болгондор:
1. 1993-жылы туулган Абдижалил уулу Шерибек;
2. 2002-жылы туулган Таалай уулу Сыймык (Султан Ибраимов атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу);
3. 2000-жылы туулган Муратбек уулу Мухидин (Султан Ибраимов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу).
Жабыркагандар:
1. 1998-жылы туулган Маматсабыр уулу Куралбек;
2. 1998-жылы туулган Мамасали уулу Махмуд;
3. 2002-жылы туулган Эрмамат уулу Айтмамат;
4. 1988-жылы туулган Камил Акзамов.
"Топурак басып каза болгондордун сөөктөрүн жергиликтүү тургундар чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен. ӨКМ жарандарды өз алдынча көмүр казбоого, өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоого, тиешелүү кызматтардын уруксатысыз көмүр кендерине кирбөөгө чакырат",- деп айтылат маалыматта.