Бишкекте 4 жаш жигит 7 тоноочулук фактысы боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, укук коргоо органдарына борбор калаанын 23 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө караганда, Туңгуч кичи районунда 20-25 жаштардагы азиат улутундагы белгисиз адамдар ага карата күч колдонуп, 35 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алышкан.
Бул факт боюнча кылмыш иши “тоноо” беренеси менен козголуп, шектүү катары Чүй облусунун 18 жаштагы А.А., Б.С., 21 жаштагы Т.И. жана Бишкек шаарынын тургуну К.С. кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Кармалгандар ушул сыяктуу 7 кылмышка да тиешеси бар деп шектелүүдө.