Кыргыз Республикасынын аймагына чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен 5 тажик жараны колго түштү

Кыргыз Республикасынын аймагына чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен Тажикстандын 5 жараны кармалды. Муну бүгүн, 10-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 9-ноябрь күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Арал-Алды-Көпүрө аймагында жоокерлер мамлекеттик чек арадан өтүп кеткен 5 тажик жаранын кармашкан. Мыйзам бузуучулар Тажикстандан кыргыз жергесине улак тартыш оюнуна катышууга келишкенин айтышты.

Тиешелүү документтер толтурулуп, мамлекеттик чек ара режимин бузгандыгы үчүн тажик жарандарына карата чара көрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
B.B.Sadykov
2015-11-10 13:15:56
ХХХ ХХХ ХХХ дагы
+2
admin_portal
2015-11-10 14:28:24
B.B.Sadykov - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
Rifle
2015-11-10 19:55:54
Улакка чакырылгандар болсо , анда чакыргандар келип чыгарып коюшсун. Спорт достукту чыңдайт. Калп эле айтып жатса,анда закон ченемдүү жазалансын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан