Мас абалда үч өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан 10-ноябрда кабарлашты.
Маалыматка таянсак, 4-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1977-жылы туулган Э.У. аттуу жаран ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасы менен райондогу айылдардын биринде 2000-жылы туулган үч өспүрүмдү сүзүп кеткени боюнча маалымат түшкөн. Маалыматтарга караганда, айдоочу мас абалда болгон. Натыйжада үч өспүрүм жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Унаа айып аянтчасына токтотулуп, экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.