Сузак районунда 1992-жылы туулган А.З. аттуу жаран "адам уурдап, аны бошотуу үчүн туугандарынан акча жана унаа талап кылган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 10-ноябрда Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИМдин басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева маалымдады.
Маалыматка караганда, 7-ноябрь күнү милицияга Ош шаарынын жашоочусу кайрылып, белгисиз адамдар анын күйөө баласын уурдап кетишкенин жана бошотуу үчүн 2000 доллар жана Хонда Фит унаасын берүүнү талап кылып жатышканын билдирген.
8-ноябрда саат 17:00 чамасында жүргүзүлгөн иликтөө амалдарынын негизинде 2000 доллар алып жатканда Сузак районунун 23 жаштагы тургуну кармалды. Факт боюнча кылмыш иши козголду.