Бишкекте түн ичинде аялды токмоктоп, анын "Нокиа" телефонун алып кеткен 22 жаштагы селки кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрда түнкү саат 01:30 чамасында Донецк менен Ж.Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде азиат улутундагы жаш кыз Г.А. аттуу айымды ур-токмокко алып, анын "Нокиа" үлгүсүндөгү телефонун ээлеп алган. Андан соң качып кеткен. Бул факт боюнча "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 22 жаштагы С.Сайкал аттуу Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын жашоочусу кармалды. Анын ушул сыяктуу 2 тоноочулук фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.