Ала-Тоо конушунда темир жолго жатып алган жаранды поезд сүзүп кетти

Бүгүн, 11-ноябрда саат 18:00 чамасында Бишкектин Ала-Тоо конушунда мас абалда темир жолго жатып алган жашы 50-55 чамасындагы жаранды жүргүнчү ташыган поезд сүзүп кетти. Бул тууралуу кырсыкка күбө болгондор SUPER.KG'ге кабарлашты.

Алардын билдиришинче, кырсыкка кабылган жаран башынан жаракат алып, маршруттук такси менен ооруканага кетти. "Поезддин айдоочусу анын мас абалда жатканын алыстан көрүп, поездди токтотууга аракет кылганын айтты. Анын жанында дагы бир адам жаткан экен, ал туруп кетүүгө жетишип, экинчиси толук жетишпей калыптыр. Экөө тең мас экен. Поезд сүзүп кеткенинин башынын арткы бөлүгүнүн териси сыйрылды. Чогулган эл "Тез жардам" кызматын чакырды, бирок ал аны күтпөй эле башын байлап алып, маршруттук таксиге түшүп ооруканага кетти",- дешти күбөлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
zhykyo
2015-11-11 23:33:42
Арак ичип алышып жайлоодо жаткандай жатышты да .Поездин уну шаркыратма болуп угулса керек кулагына
+19
emilbek1
2015-11-11 23:48:51
Аракты кобуроок ич дагы
-4
ayper
2015-11-11 23:56:45
Темир жолдон болок жер жок бекен жатка
+5
kanykey125
2015-11-12 00:10:36
Башка жерге жатса болмок.ичсе да
+1
jymabay1982ru
2015-11-12 00:27:32
Кыргыздын тумшугу ташка тийп ачышканда анан кайтат ага чейин кайтпайт айтам деп жаманда корунуп каласын
+2
Nurluujan16
2015-11-13 17:11:58
jymabay1982ru,алкоголизм деген катуу оору. Андан кутулуш оңой эмес. Кыргызстандан эле бир алкаш киши кышында сыртта калып манжалары үшүп кетип доктурлар манжаларын кесип салгандан кийин деле өлгөнчө арак ичип жүрүп өтүп кеткен бул дүйнөдөн.
0
naryn94
2015-11-12 00:53:46
Мастарга арак эле болсо болду, арактын азабын тартып олобузго. Эн арзан арак 200го чыкса анча мынча адам алып иче албай калмак.
+4
kanykey125
2015-11-12 01:25:46
Россияда арак тамекини кымбаттатты.бирок дагыле ичкени ичкен.250 300дон ылдый арак жок.Кыргызстанда 300кылып койсо бир аз азаймак беле аракечтер.
+5
bolotbai3
2015-11-12 07:02:05
kanykey125, Аракты кымбаттатса уурулук каракчылык алдамчылык кобойот.Эмнеге дегенде башы сынып ооруп олуп бара жатса арактан,жанында акча жок айласыздан кылмыш кылганга туура келет.
-2
aziz.k
2015-11-12 08:06:32
bolotbai3,анда самагон башталат
+1
Nurluujan16
2015-11-13 17:12:55
kanykey125,анда уурулар көбөйөтго аракка акча чогултам деп.
0
Truelensk
2015-11-12 01:42:18
Беш миллион калкыбыздын 50 пайызы арак ичет дейт угушумча.
-3
ILYAS181296
2015-11-12 10:24:59
Truelensk,Жакында 6 миллион болобуз! Бирок 50 пайыз дегенин туура эмес...
+1
jazka8586
2015-11-12 02:46:03
Тез жардам менен баргыча маршрутка тез жеткирет дептир да)) мастын акылы соо болуп))
+9
Nurluujan16
2015-11-13 17:14:30
jazka8586,Биздин тез жардамдын унаасына жолдогу соо эле жүргүнчулөрүбүз жол бошотуп бербесе ошол да. Анан Бишкек бизде тез жардам унаалары жетишпейт болуш керек.
0
TomMar
2015-11-12 06:46:30
Жаштарга - корсоткон пример. Акылы жок. Арактан бардык жамандык (зордуктоо. адам олтуруу. Бычак сайуу.)
+18
AiBoru
2015-11-12 07:11:05
Аман калганына шугур, озу туруп басып кеткенине караганда ото катуу жаракат алган эмес го, кудай жалгап
+4
newman
2015-11-12 07:31:19
кинодогудай туз жата калса болмок беле же...
+7
Nasi1981
2015-11-12 07:31:46
Арактын арты жакшылыкка алып бара беле? Ажалы жетпей олбой калыптыр. Тобосуна келип ичпей калса жакшы болот эле. Аракты кымбаттатса ичпей калат деген бул жомок. Мындан арак чыгаргандар гана пайда корбосо, арак ичкендердин уй буулосу куурайтко. Мындан уурулук, тоноочулук, ажырашуулар гана кобойот. Бул жерде бир гана чиновниктин кызыкчылыгы коздолуп жатат.
+2
salt56
2015-11-12 13:38:27
Ажап болуптур да. Экинчи эми ал районго барбаса керек. Ушундайлардын үй-бүлөсүнө убал. Балдарына убал, аялы бир шордуу аял экен да.
0
bond0202
2015-11-12 18:40:21
жакшы улгуруптур качканга,болбосо жалпак чожо болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан