Азимбек Бекназаров "сот кандай чечим чыгарса да, эмоцияга алдырбагыла" деди айыпталуучу Ахматбек Келдибековдун сот жыйынында отурган тарапташтарына. Сот жыйынында айыпталуучунун отуздай тарапташы отурат. Сыртта да бир нече адам сот чечимин күтүп турат. Өкүмдү угузуучу судья Абдуразак Боромбаев кеңешүүчү бөлмөдө.
Бекназаров - айыпталуучу Келдибековдун коомдук жактоочусу.
Эскерте кетсек, буга чейинки соттук отурумда прокурор судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн жана "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча жаза берүүнү суранган.