Бишкекте жаш жигиттер айымдын Маздасын уурдап, качып баратышканда жол кырсыгына кабылышты

Бишкекте үч жаш жигит автоунааны уурдап, качып бараткан жеринен жол кырсыгына кабылып, колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 38 жаштагы Д.Назгүл аттуу жаран кайрылып, борбор калаанын Курчатов көчөсүндө токтотулуп турган анын Мазда 626 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкенин билдирген.

Бул факт боюнча “унааны мыйзамсыз ээлеп алуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 23 жаштагы Б.Айбек, буга чейин соттолгондор: 24 жаштагы С.Каныбек жана 21 жаштагы К.Артур кармалган. Алар жогорудагы автоунааны айдап качып, Арча-Бешик конушуна бара жатканда жол кырсыгына кабылышкан. Натыйжада унаа ээсине чыгым келтирилген. Учурда шектүүлөр Бишкектин №1-СИЗОсуна киргизилишти. Иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Leylektik-77777
2015-11-12 18:29:54
Жап жаш жигиттер,арам тамак болбой,иштин майын чыгарып иштебейби эссиз чонойткон ата эне.
+4
tynystan
2015-11-12 19:33:14
Баары бизде мыйзамдын аткарылбагандыгынан кытайларга окшотуп колун кесиш керек анан 2чт урдагыс болот
+3
Oazis89
2015-11-12 20:13:18
учунчу бала жоко
+1
Medina87
2015-11-12 21:00:48
Бул экоо мурда соттолгондору окшойт. Откон омурлорунон сабак албай ушул жолду тандашыптыр, оздоруно кыйын.
0
Gulya21
2015-11-12 21:15:01
Ээ жаш жигиттер оздорун омурун оздору булгап отурушат эн жаманы бечара ата энесине кыйын болду шордуу ата энелери
+2
isko-nookat
2015-11-13 00:53:41
мен болгондо кымбат машина урдамакмын
-2
DNurgiza
2015-11-13 01:10:16
пландап, анан уурдашпайбы. Арча бешикти коздой качпай.
-2
mira28
2015-11-13 02:33:32
Ой тообо ууруларга шерик болуп бирин кымбат машина десен бирин каччу жолду корсотосунор да кудай сактасын дегендин ордуна.Назгул эжебизда мээнет менен тапса керек ошол машинаны.Жакшы тез арада кармалыптыр.
+1
Abdurahman
2015-11-13 10:34:39
Чооон сабак болуптур да балдарга,Кудайым аларга ынсап берсин эми мындан кийин
0
ApSaLaM_KaRyBeK_UuLu
2015-11-13 10:42:53
Колунан баары келип туруп ушундай ишке баргандан уялбайбы.
0
afonia8282
2015-11-14 03:45:02
Чиркин дунуйо..жаш эле балдар эмнени ойлоп журушот...башаламан..,ата-энесин жалко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан