ЭЛДИК КАБАР: Өзгөндө жүк ташуучу унаа өрттөнүп жатат

12-ноябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман: "Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа белгисиз себептерден улам өрттөнүп жатат. Жабыркагандар жок",- деп маалымдаган эле.

ӨКМнын басма сөз кызматы өрт кырсыгы Ош облусунун Өзгөн районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 591-чакырымында орун алганын билдирди. Маалыматка караганда, Орусиядан келе жаткан Вольво-КамАЗ үлгүсүндөгү D 84-53 С мамлекеттик номурлуу жүк ташуучу унаа ичиндеги жүгү менен толук күйгөн. Унаа
А.Сабиров аттуу жаранга тиешелүү болгон. Өрттүн себеби такталууда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
AKCHA
2015-11-12 17:49:34
Жандан башкасы баары табылат! Ичиндеги адамдары аман -эсен болсо болгону
+8
Rifle
2015-11-12 17:50:22
Байкуш десе, жашоо татаал болуп жатканда кыйын эле болду .
+8
kypchak80
2015-11-12 18:21:15
Жалалабаттын кайсыл жеринде экен бул?
+1
aibo_85
2015-11-12 18:34:46
kypchak80, Озгонго аша бергендеги жайык тегиз жолдо окшойт.
0
Aviator
2015-11-12 21:04:26
суротко тарткан киши спутниктен эле тартса болмок экен. ото эле жакын тартыптыр суротторду
+1
janna95
2015-11-12 21:16:44
Шопуру аман калды бекен.
+1
AiBoru
2015-11-12 23:50:46
Эмнеден улам куйду экен? Ичинде жук бар болгон болсо бир топ чыгым болгон тура, байкуш ай. Журуп баратып куйгон го
+2
borbuk
2015-11-13 00:28:22
Жаман болуптур
+1
hann
2015-11-16 21:25:18
КамАз качантан бери Вольвону чыгарып баштады болду экен. Мындай корунучтор кан жолдо болуп турчу корунуш. Бишкек-Караганда-Павлодар-Алмата-Бишкек жук ташуу каттамында жардамчы бортмеханик болуп барып келгенде, кан жолдогу турдуу авто кырсыктарды коруп алып айласыздан жаканды карманып кудайыма шугур дейсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан