Ысык-Көлдө айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп, каза тапты

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен ошол жерден жан берген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Балыкчы-Каракол унаа жолунун 185-чакырымында болгон. Анда Ауди-80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай даракты сүзүп алган. Куткаруучулар ачылбай калган эшикти кесишип, ичинде кыпчылып каза болгон айдоочу, Ичке-Суу айылынын тургуну, 1962-жылы туулган Кубат Дылдаевди алып чыгышып, милиция кызматкерлерине тапшырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан