12-ноябрь күнү эртең менен Ош шаарындагы сауналардын биринен өрт чыгып, андан эки кыз менен бир бала качып чыгып, кыздардын бири ооруканага жиберилгенин окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлаган болчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 1990-жылы туулган Динара Маматумарова аттуу кыз 2-3-А даражасында колунан жана көкүрөгүнөн күйүк алып, Ош облустук күйүк борборуна жеткирилгенин 13-ноябрда билдирди. Ошондой эле учурда саунанын ээси ким экендиги такталып жатканын кошумчалады. Аталган сауна Ош шаарындагы Кулатов кичи районунда жайгашкан.