№50-СИЗОдон кылмышкерлердин качуусу боюнча ошол убакта түрмөнү жетектеген Имаш Телтаев камакка алынды

Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынын мурунку башчысы Имаш Телтаев камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына ЖАМКтан кабарлашты.

Маалым болгондой, мекемелер аралык комиссиянын сунушу менен тергөө амалдары бүткөнгө чейин Телтаевди камакка алуу чечими чыкты.

Буга чейин 21-октябрда ЖАМКтын башчысы Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кеткен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган.
22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан.
Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдө каза болушкан.
Ал эми колониядан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда абакта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nur-patriot
2015-11-13 10:22:39
ушул побегди уюштурган чоңдор "левыйды" табышты да. На самом деле күнөөлүүлөр жүрүшөт азыр шампанский ичип любовницалары менен.
+6
zhykyo
2015-11-13 10:29:35
Качырып сал баарысын ,камагыла Имашты болуптур да
+1
shailoo2015
2015-11-13 10:30:49
ЖАКШЫ
+3
nazi25
2015-11-13 10:47:22
Сүрөттөрүн бажырайтып чыгара берет экенсиңер.Түшкө киргидей болду го.
+5
tuigan.
2015-11-13 19:20:30
nazi25, ошону айтсан.
0
Vegetrianka
2015-11-13 11:13:15
озунчо эле коздору жымындайт го
+3
Minhi
2015-11-13 13:42:39
Ужаско булар
+1
Sadyrov_n93
2015-11-13 19:40:50
Эмиби,туштон кийин.
0
afonia8282
2015-11-14 03:39:30
Эмне болгонун ким билсин...бирок бул жерде негедир эч эле окшошпойт качкандары...!!!
0
hann
2015-11-15 15:48:03
afonia8282, кинодогудай болбой жатабы???
0
hann
2015-11-15 15:46:41
Алып олтурушуп коп сырларды кошо жок кылышты кыскасы.
0
Guljamal_2116
2015-11-15 17:10:18
Азыр кызматтан бошотуп,бир аз убакыт откондон кийин,кайра эле башка жирный кызматка жайгашып алышпаса эле,чиновниктерге гарантия жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан