Сириядагы согушчандардын катарында өзүн кыргызстандыкмын деп атаган жарандын өздүгү аныкталды. УКМКнын билдиришинче, ал - 2014-жылдын декабрында араб тилин үйрөнүү максатында чет өлкөгө кеткен Баткен облусундагы Лейлек районунун 22 жаштагы тургуну Аскарбек Бакыбеков. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө.
Эскерте кетсек, жакында социалдык тармактарда Орусиянын Сириядагы "Ислам мамлекети" тобун жок кылуу аракетине жооп катары согушчандар видеокайрылуу жасашканы жарыяланган. Анда катар тизилген согушчандар кайсы мамлекеттин жараны экенин айтышып, өз тилдеринде кайрылуу жасашкан. Жогоруда аталган жаран да кыргызча сүйлөп, Сирияга кыргыз өлкөсүнөн барганын айткан.
УКМК Кыргыз Республикасынын жаранынын өлкөнүн сыртындагы чыр-чатактарга же согуштук аракеттерге катышуусу кылмыш экенин эскертет.