Ошто өрттөнүп кеткен саунадан жабыркаган селкини жакындары алып кетишти. Аталган сауна 2 жыл мурун сойкукана болгону айтылды

Кечээ, 12-ноябрда Ош шаарында өрттөнүп кеткен саунадан жабыркаган 25 жаштагы селки ооруканадан качкан эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, өрттөн улам кыздын денесинин 1 пайызы күйүк алганы аныкталган. "Анын жанында документтери жок болгон. Селкини анын жакындары алып кетишкен",- дешти мекемеден.

Ош облустук милициясынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, өрттөнгөн сауна 2-3 жыл мурун сойкукана болгон, бирок рейддер жүргүзүлүп, бул көңүл ачуучу жай жабылган. Ал эми акыркы мезгилде бул саунада сойкулар иштеген же иштебегени азырынча белгисиз экенин милициядан белгилешти.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-ноябрь күнү эртең менен Ош шаарындагы Кулатов кичи районунда жайгашкан сауналардын биринен өрт чыккан. Андан эки кыз менен бир бала качып чыгып, кыздардын бири 1990-жылы туулган Динара Маматумарова 2-3-А даражасында колунан жана көкүрөгүнөн күйүк алып, Ош облустук күйүк борборуна жеткирилген. Учурда саунанын ээси ким экендиги такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
nur-patriot
2015-11-13 15:20:24
акыркы күндөрү деле бул сауна сойкукана болчу. милициялар өздөрү барып шабашка алып турчу мамашалардан. билмексен болуп, рейд жүргүзгөнбүз деп кыйратышат. көрөсүңөр милисиялар өздөрү оңдоп беришет саунаны, аларга акча керек да
+14
mira28
2015-11-13 15:20:30
Опоо адамдарды жаш бала элестетишет да.Жакын тууганы эмес эле Саунанын жетекчиси дагы бир курсакттуу качырып кетти да ишибиз ачылып калбасын деп.Бул кыздын документи ошо курсактууда да .Корупция адамдарды эки жуздуу жалганчыга айлантты го.Милиция албетте билбейт да аларды убара кылып бардырбай акча озу келип турса.
+11
ZANIA-92
2015-11-13 15:27:48
Баары эле билмексен... бул сауна кимдики экени, сойкуканабы же жокпу баарын билишсе деле билмексенге салып жатышат
+6
arzyy
2015-11-13 15:30:59
Самара Каримованын кайненесиники деп жатышкан го.Билип туруп баары билмексен.
+18
danik0101
2015-11-13 15:39:23
Кара алма деп аталчу беле? Ошол сойкуканабы?
+3
mekenchil_jigit
2015-11-13 16:31:02
danik0101, Кулатов (Западный) районунда окшойт
+1
SHAHDAR
2015-11-13 16:12:11
Ммммм кайдан билесинер сойкукана экенин?
+3
tynara81
2015-11-13 16:16:32
Ким экени такталып жатат дейт, эки күндөн бери тактай албай атышабы
+2
bond0202
2015-11-14 12:29:23
tynara81, ошону айтсан,ушунчалык эле кыйын окшойт кимге караштуу экенин тактоо
0
kilim
2015-11-13 20:06:22
Оо бул жер ортонгонго чейин деле сойку кана болуп турган ошон учун 4.5.кыз качып чыгып жатпайбы же алар ахраник деп ойлойсунарбы тобо ынсап берсин алахым баарына
+3
ulan_sabina
2015-11-14 02:35:50
Саунада ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
aruuzat88
2015-11-15 03:41:34
Тооба кылдым,бирок ошондой сойку каналар,сауналар чекеден өртөлүп кетсе да ыраазы элем. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-11-16 15:39:15
aruuzat88, ulan_sabina - эскертүү!
Ачууга алдырып, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болсоңуздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан