Египетте кулаган орусиялык учактан таймери бар жабдык табылганы айтылууда

Египеттин Синай жарым аралына кулаган Орусиянын учагынан таймери бар жабдык табылганы айтылууда. Айрым чет элдик басылмалар өздөрүнүн такталбаган булактарына таянып, "таймер тууралуу маалымат террочулардын өз ара сүйлөшүүсүнөн алынган же ал учакты текшерүүдө табылганы так аныктала элек" деп билдиришүүдө.

Алдын ала белгилүү болгондой, жардыруучу зат учак учканга чейин эки саат мурун күйүүчү май багынын жанына орнотулган. "Мунун баары учакты тейлеген кызматкерлердин анын кулашына катыштыгы бар экенин көрсөтөт",- дешет басылмалар.

Айта кетсек, эки апта мурун, 31-октябрда 224 жүргүнчүсү менен Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан орусиялык А321 учагы Египеттеги Синай жарым аралына кулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
maksymtegin
2015-11-13 17:40:30
интернетте путинге кайрылып самалетту ислам мамлекети тобу жардырганын бир терорист айтып жатканын кордум эле чын окшойт ошол!
0
KYRGYZJERI
2015-11-13 17:56:39
Террористер жардырды деп 1-чи куну айтып чыгышпады беле, Египет жок деп мойнуна алгысы келбей атат, анткени аэропортто эл каалашынча басып, кирип чыгып журот
0
kanykey125
2015-11-13 18:50:05
Мумкун жардырыщы себеби.орто жери куйуп Кул болуп калган.
0
BRILIANTTKA
2015-11-13 19:25:49
Эххх шүмшүктөр,канча бей күнөө адамдардын өмүрүнөн ажыратасыңар террористтер...
Алла Таала жазаңарды берсин.
+6
macho90
2015-11-13 19:40:20
Россияга жооп кылыштыго менимче
0
Ersu
2015-11-13 20:40:20
Террорисер алар жон эле россияны коркутуш учун эле, биз жардырдык деп жатышат
+1
Abdyrashit.Satylganov
2015-11-13 20:52:30
Менимче бул жөн гана жомок.. Себеби экпаждын мүчөлөрү. Абага көтөрүлгөндөн кийин эле.. Самолёт иштебей жатканын жана конууга аэропорт сураганын.. Жаңылыктардан айткан эле..Эми ошончо адамдын туугандарына жооп берүү үчүн.. Калп эле террорлор жардырды кылышып кутулушу мүмкүн.
+3
Danel
2015-11-14 00:10:06
Атайын эле Россияны, ислам мамлекеттерине кайчылаш учун кайдагы лож созду чыгарып жатышат! Америкага окшогон олколордун иши!
+1
nelya88
2015-11-14 14:07:01
Террористтердин Путинге карата кылган жообу болушу толук мумкун.Анткени,жарылган самолет дал ошол Путиндин туулуп-оскон жеринин самолету болуп жатпайбы.. Каза болгондордун басымдуу болугу-Питерликтер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан