Бүгүн Ошто студенттердин массалык мушташы болгонун милиция четке какты

Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин студенттеринин катышуусунда массалык мушташ болгон эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык милициясынан билдиришти. "Шаардагы райондук милиция бөлүмдөрүнө мушташ тууралуу бир да арыз түшкөн жок",- дешти укук коргоо түзүмүнүн өкүлдөрү.

Мындан тышкары аталган жогорку окуу жайдын кызматкерлери бүгүн мындай окуя болбогонун айтышты.

Айта кетсек, шаардын тургуну бүгүн саат 12:00 чамасында Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин корпусунун алдында 100гө жакын студенттин катышуусунда мушташ болгонун SUPER.KG'ге кабарлаган, бирок эч кандай фото же видео жөнөткөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jake91
2015-11-13 17:57:26
Окурман да малыматка толук ее болуп анан жиберсе болмок,ошту еле жаман корсотпой.
0
elgiz0890
2015-11-13 20:43:36
смартфон тушуно да кире берсе керекта
0
kozunek.
2015-11-14 14:31:35
Мен окуган факультет го.БиМ
0
Rifle
2015-11-14 14:56:45
Индустар эмес бекен ? Бийлешип жатса ача ача жими жими деп кыйкырып, уруш деп ойлогон окшойт да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан