Жылнаама, 14-ноябрь: Мындан 53 жыл мурун “Dolce & Gabbana” кийим маркасынын ээлеринин бири Стефано Габбана туулган

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы "Ата-Бейит" комплексинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалы ачылган. Ага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, бир катар өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, жазуучунун замандаштары, туугандары, балдары катышкан.
Мемориал жазуучунун уулу Аскар Айтматовдун каражатына курулуп баштаган, бирок каржылык тартыштыктан улам бул иш токтоп калган. Мемориалды куруучу "Бедис АРТ" фирмасынын башкы директору Зоя Никитенко өлкө башчысына 2,5 миллион сом каражат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Президент Алмазбек Атамбаев 1 миллион сомду өз чөнтөгүнөн чыгарып, калган бөлүгүн жергиликтүү компаниялар толукташкан.
Мемориал залкар инсандын көзү өткөндөн 5 жылдан кийин ачылган. Салтанатта сөз сүйлөгөн Ильгиз Айтматов сталиндик репрессияда каза болгондордун сөөгү жашырылган бул жайды "Ата-Бейит" деп атоону Чыңгыз Айтматов өзү демилгелегенин эскерген.

* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы АКШнын 66-мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Алабамада мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган.

Кичине кезинде эле тилге жөндөмдүүлүгү байкалган, испан жана француз тилдерин тез эле өздөштүрүп алган. Адегенде профессионал музыкант болом деп рояль классына тапшырган, бирок тышкы саясатка кызыгып, Мадлен Олбрайттын атасы Жозеф Корбелдин илимий жетекчилиги алдында докторлук диссертациясын жазган. Илимий карьерасы кереметтүү күч менен өсүп отуруп, акыры АКШнын мамлекеттик катчылыгына дейре жеткен. Райс ата-бала Буштардын чоң ишениме ээ болгон.

* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы “Dolce & Gabbana” кийим маркасынын ээлеринин бири Стефано Габбана Милан шаарында төрөлгөн.
Көркөм колледждин графика жана дизайн бөлү­мүн аяктаган. 1982-жылы Доменико Дольче менен таанышып, 1985-жылы айымдар, 1987-жылы эркектер үчүн даярдалган биринчи коллекцияларын тартуулашкан. Чыныгы ийгиликке Дольче менен Габбана 1990-жылдарда жетишишкен. Дүйнөлүк мода тарыхында болуп көрбөгөн жаңы моделдерди жаратышкан. Алардын ичинен эң атактуулары: тыш кийимдин да ролун аткара алган кооз ич кийимдер, жылаңач денеге кийилчү костюмдар жана атайын жыртылып, баалуу таштар менен кооздолгон жынсы шымдар.
Эки гений Сицилиянын салттарын бузушуп, жесир аялдардын кара кийимдерин укмуштуу кече көйнөктөргө айландырышкан. Кийимдерден тышкары көз айнек, сумка, бут кийим жана башка аксессуарлардын жаңы түр­лөрүн жаратышкан. Албетте, аларга гана таандык бир катар өзгөчө атыр жыттарын чыгарышкан.

* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы бельгиялык хирург Фриц Дером Европада адамдын өпкөсүн алмаштыруу боюнча алгачкы жолу операция жасаган. Аны менен хирург оорулуунун жашоосун 10 айга узарткан.

14-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle
2015-11-14 14:46:54
Долче Габбаналар ориентациясы башкачалар беле ?
+1
timarama91
2015-11-15 09:31:20
!Rifle, Андай эмес ачык айтыш керек гейлер. И ещё ушул эки эркек турмуш куруп жашап жатышат. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-11-16 15:43:08
timarama91 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан