Париждеги 6 террордук чабуулдан каза тапкандардын саны 153кө жетти. Көптөгөн адамдар эвакуация учурунда жаракат алышты. Франциянын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу 14-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин бийлик өкүлдөрү 14-ноябрга караган түнү Франциянын борборунда болгон бир катар теракттан жалпы 140 адамдын набыт болгонун маалымдашкан эле. Террордук чабуул бир эле учурда Париждин 6 аймагында орун алган. Фактылар боюнча кылмыш иши козголду.
Чет элдик ММКлар Парижде жума күнү кечинде 7ге чукул террордук акт болгонун жазып чыгышты. 4 жолу адамдарга карата ок чыгарылган. "Батаклан" концерттик залында адамдар барымтага алынып, "Стад де Франс" футболдук стадионунда 3 жардыруу болгон. Теракттар боюнча экстремисттик топ катары таанылган "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчиликти алды.