Мекендештеринен 2 миллион рубль алып, качып кеткен Иманбеков акчаны толук кайтарып бербей дайынсыз жоголду

Орусияда 50 чакты мекендешинен жалпысынан 2 миллион рублду Кыргыз Республикасына которуу үчүн чогултуп, андан соң дайынсыз жоголуп, мекенине качып кеткен жигит Эгемберди Иманбеков акчаны толук кайтара элек. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына жабырлануучулар билдиришти.

Алардын айтымдарында, Эгемберди дагы 200 миң рублду мекендештеринин туугандарына которуп бере элек.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Орусиянын полициясы кылмышка шектүү баланы эл аралык издөөгө жарыяласа, КРнын милиция кызматкерлери аны кармаганга укуктуу. Андан соң Эгемберди Иманбеков, мыйзамга ылайык, соттун чечими менен акча уурдоо боюнча күнөөлүү деп табылып, эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, 1-ноябрда кыргыз жараны Эгемберди Иманбеков Орусиянын Ямало-Ненецк автономдук округунун Новый Уренгой шаарындагы ишканалардын биринде 50 чакты мекендешинен "акчаңарды туугандарыңарга которуп берем" деп, жалпысынан 2 миллион рубль чогултуп, банкка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 5-ноябрда ал тууралуу ЭЛДИК КАБАР чыккан соң, ал өзү мекендештери менен байланышка чыккан.

Жабырлануучулардын билдиришинче, ал 1989-жылдын 24-апрелинде туулган. Жашаган дареги: Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылы, Алманбет уулу Ашым көчөсү, 28.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
imanchik
2015-11-15 01:27:48
Билип билбей жаза бербегилечи
0
nurzada78
2015-11-15 02:37:35
Азыркы замандын адамдарына ишенип болбойт,айрыкча россиядагы кыргыздарга!
-7
karona
2015-11-15 02:56:23
nurzada78, Россиядагы кыргыздар сизге эмне кылышты? Ак эмгектери менен тиричилик кылып эле журушот. Албетте арасынан ушуга окшош бейбаштары чыгат. Бирок баарына асылганыныз туура эмес.
+3
nurzada78
2015-11-15 03:24:05
karona,Сизге асылгандай болдумбу?Мен баары дебедим,эгер сизге каттуу тийсе кечиресиз!Россияда журуп,алдангандарды,алдагандарды коп кордум!Ишеним жоголду!
-6
adimyrza
2015-11-15 03:35:51
бул алдангандардын ичинде менин аяш акем да бар экен кече угуп тан калдым кантип ушунча акчаны бир адамга ишенип беришкенине
0
Rifle
2015-11-15 04:49:59
Омур бою жаман атка конуп калганча аз болсо да курсак тойсо жакшыраак.
0
Rifle
2015-11-15 04:50:14
Машинаны ошо акчага алганбы ?
+1
Belek2070
2015-11-15 10:34:34
Бул жигит таластан болсо Иманбеков экен тиги Мирбек Иманбековтун тууганыго дейм. Ушунчасын акчасын алып уктатып кетем дегенго, аа жигит кичине пул учун омур бою бетине кара коо шыбадында. Уят эле болдун тууган урук кыргыздын баарына Эми кантип журот экенсин адамдардын бетин карап. Ушунча болуптур паспортун аты жонун озгортуп Россиянын башка шаарына тайып бербейсинби 1 млн 800 минди кайтардын баары бир уят болдун. Шордуу ата - энеси толоп куткаратта эми. Россияга черн списокко по жизненно кирдин.
0
bolotbai3
2015-11-15 10:50:36
Уч ААА тамга башталган создон адам акылынан адашат,анан бири ушул акча.Эки миллион акчаны корсо депутат министрлер да акылдан адашат.100 мин доллар учун кандай кана карганышып соттошуп жатат,президенттин жанында эле иштеген адамдар.Эми бул балага нысап берсин да,камалгандан коро толоп берген жакшы акчаларын.
+1
AiBoru
2015-11-15 22:39:04
bolotbai3, калган экоо эмне экен?
0
Eli75
2015-11-15 12:16:43
Кара жерди жамандаба, кайтып бир кун барарсын,
Калын элди жамандаба, каргышына каларсын.
Бул адам ото чон куноого батып калганын ойлобогон окшойт.
0
STAN_KG
2015-11-15 13:26:48
Бирөөгө кандай мамиле кылсаң ал сөзсүз башка жол менен болсо да өзүңө кайтып келээрин унутпа!
+1
nur-patriot
2015-11-15 15:10:22
бул бала ырчы Мирбек Иманбековдун тууганы иниси эмеспи??
0
tilekjusupbekov
2015-11-15 18:43:41
менин Россияда жургонумо 7 жыл болду чынында эле элибиздин пейили бузулганбы же айтор бул жакта адамдардын коз карашы озгоргон кыргыз бири бирине жардам бербей эле бироонун кызарган жери корунсо жула калайын пайдалана калайын дегендер кобунчосу эле бирок бар жакшы адамдарда четтен чыгат ошентседа азыр эч кимге ишенип болбойт!
0
hann
2015-11-16 20:57:30
tilekjusupbekov,
Алыскы оруссиядан эмес эле бул турган Бишкектен эле коз коруно уктатып кетет, ал жакта андайларга кудай салбасын да....
0
Izdeim_seni.
2015-11-15 18:58:13
Мирбек иманбековда Кара Буура районунан если чО.
0
muha.med
2015-11-16 03:16:37
акча берген адамдар өзүңөр акча салалбайсынарбы ушул балага бергичекти
0
sardaralay
2015-11-16 11:24:47
Акчаны коргондо акылынан адашыптыр. Жакын арада кармалат чё та сезип атам. Жаштик кылыптыр кечиргиле эми. Акча табылат конул табылбайт. 200 мини калыптыр тез эле иштеп толоп берет кайра. Балким айылына спорт зал курам деген окшойт хахахахааааа.
0
hann
2015-11-16 20:55:15
Омар бутуп эми Мирбек атын чыкпаса жер ортто болуп жатабы деп ойлоп кетсе башка экен.:)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан