ЭЛДИК КАБАР: Кадамжайлык Жаныбек Арзыкулов үч жыл мурун Москвада иштеп жүрүп үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда
"Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылында 1986-жылы туулган Жаныбек Арзыкулов Москвада иштеп жүргөн. 2011-жылы 11-октябрда үйүнөн чыккан бойдон кайра келген эмес. Аны кыргыз балдар чакырып, алар менен кеткенин ошол учурда кош бойлуу келинчеги көргөн. Учурда уулу 3 жашка толду. Ж.Арзыкуловду көргөн-билгендер, (0 771) 44-11-70, (0776) 65-68-65, (0777) 30-01-62 телефон номурларына байланышка чыгып коюуңуздарды өтүнөбүз". Бул тууралуу 15-ноябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.