“Ислам мамлекети” террордук уюмунун идеяларын колдогон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан 16-ноябрда кабарлашты.
Маалым болгондой, ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жана Ош шаардык башкармалыгынын 31-октябрдан бери жүргүзгөн иш-чарасынын натыйжасында Ноокат шаарынын 19 жаштагы А.И. аттуу тургуну Ош шаарынын жана облусунун аймагынан атуулдардын Сирия мамлекетине согуштук аракеттерге баруусуна интернет жана башка байланыш каражаттары аркылуу үгүт иштерин жүргүзүп жүргөндүгү аныкталган. Сирияга жөнөтүлүүчү атуулдардын жол киреге кеткен каржы маселелерине жардамдашып, өзү жашаган турак жайларда ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү боюнча да ыкчам маалыматтар алынган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 14-ноябрь күнү Ош шаарынан кезектеги даярдаган адамы менен Ош аэропортуна барып, ал жерде жөнөтүлүүчү адамга “Ислам мамлекети” террордук уюмунун ишмердүүлүгү боюнча кошумча маалыматтарды берип, Ош-Стамбул каттамы аркылуу жөнөтүп жатканда кармалды. Сурак учурунда И.А. “Катибат аль Имам Аль-Бухари” (2015-жылдын май айында Ош шаардык соту тарабынан террордук уюм катарында таанылган) террордук тобунун мүчөсү экендиги жана анын Сирия мамлекетинде болуп жаткан согуштук аракеттерге жарандарды тартып, жөнөтүп жүргөндүгү тастыкталган.
Кызматкерлер тарабынан ыкчам маалыматтар алынып, ага ылайык, А.И. жардыруучу заттарды колдонуу менен террордук актыларды уюштуруу аракеттерин көрүп жаткандыгы билинген. Ыкчам иш-чаралардын негизинде И.А. жашаган жерге тинтүү жүргүзүлүп, 2 даана атайын жасалган жардыруучу заттар, көптөгөн DVD-дисктер, уюлдук телефондор, СИМ-карталар, диний-экстремисттик адабияттар, компьютерлер, ар кандай суюктуктары бар бөтөлкөлөр табылды.
Азыркы учурда жогорудагы аныкталган учурлар боюнча шектүү атуулдун кылмыш байланыштарын аныктоо максатында иликтөө иш-чаралары өткөрүлүүдө.