Балыкчы шаарында жол кырсыгынан бир жаран көз жумду

Балыкчы шаарында жол кырсыгынан бир жаран көз жумду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, Балыкчы шаарынын Ысык-Көл жана Токтосунов көчөлөрүнүн кесилишинде 14-ноябрь күнү саат 19:40 чамасында Тойота Ипсум унаасы менен Мазда Атенза унаасы кагылышкан. Мазда унаасындагы 4 адамдын экөөсү жеңил жаракат алып, 1 адам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми дагы бири 1990-жылы туулган Таштан Талантбеков ооруканадан каза болгон. Тойота Ипсум унаасынын айдоочусу такталып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан