Базар-Коргондо кол алдындагы кызматкерге ок чыгарганы үчүн Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы кызматынан убактылуу алынды

Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон району боюнча Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Эмилбек Тарыхчиев өз колундагы кызматкерге ок чыгарганы үчүн кызматынан убактылуу алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда аталган кызматтын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев кол койду. Мындан тышкары анын тапшырмасы менен мекемеде кызматтык комиссия түзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Э.Тарыхчиевге карата тиешелүү чечим кабыл алынмакчы.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Тарыхчиев кол алдындагы кызматкерге ок чыгарган. Кызматкер башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал милицияга арыз менен кайрылуудан баш тарткан. Мындан улам окуя боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Тиешелүү материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ainura_perm
2015-11-16 16:40:40
Байкуш коркконго арыз жазыштан
0
briliant87
2015-11-16 17:48:21
Ок атучу куралды кайдан алыптыр же документи бар бекен.
0
Kunnur
2015-11-16 18:14:31
Бул жерде чон иш болушу мумкун.жондон жон ок чыгарбайт да.балким коркутуп кол коюп бер дегендир.ким билет
+1
Polat
2015-11-16 20:15:45
Тайырбек Сарпашевдин жаны кызматы ок атуу менен башталганы кызык болду. Эмилбек Тарыхчиевди кызматтан убактылуу албай, аны кмап турбаса, акчасы коп неме качып кетет. Тайырбек, жардам берип тергоо жакшы журуп, соттолсо, анрда Сарпашевдин иши алга жылат, эгер андай болбосо Сарпашевке оор болот го. Кыргызда жакшы кеп бар "Арам оокат аш болбойт" деген, кайран гана Тарыхчиев госрегистрди майталкан кылып катыра жеп, базаркоргондуктардын коз жашынан жыйнаган арам акчалар эми чачылат го, кудай бар экен.
+1
aku
2015-11-16 22:26:49
Ким качан жазып чыгат эмне себептен атканын. Камабайбы убактылуу болсо да жумушунан эле четтетип койбой
0
asmana
2015-11-19 09:38:07
Bazar-Korgonduktardyn shorun ketirgen, jashyn tokkon deshet. Oshol shoru ketken, jashy togulgondordun ozdoru barby? Ozdoru jazyshsyn. Jalgandan jok nerselerdi elden uktum dep jaza berbesten.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан