Аксы районунда терилерин сатуу максатында эшектерди уурдап сойгон адамдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Кара-Жыгач айыл аймагынын Капчыгай айылынын тургундары 1989-жылы туулган С. уулу Т., 1993-жылы туулган К.М. жана 1990-жылы туулган А. уулу А. аттуу балдар колго түшүштү. Алардын бири жергиликтүү мектептердин биринин окуучусу экени аныкталды.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, алар терилердин ар бирин жергиликтүү тургунга 2 миң сомдон сатышкан. Кармалган балдар буга чейин да ушундай иштерди жасап жүрүшкөнү белгилүү болду. Алар эшектерди талаадан чогултушкан. Башында балдар 5 эшекти мууздашкан, кийинки жолу 8 эшекти союшкан. Терилерин сыйрып алып, этин ошол жерге эле калтырып жүрүшкөн.
Учурда бул фактылар боюнча милиция тергөөлөрдү жүргүзүп жатат, бирок эшектерди уурдоо боюнча жергиликтүү тургундар тарабынан бир да арыз түшкөн эмес",- деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Аксы районунун Кара-Жыгач айылында терилери сыйрылган эшектердин табылганы тууралуу ЭЛДИК КАБАР чыккан.