Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан бир адам жаракат алды

Аламүдүн районундагы Манас айылында 16-ноябрда саат 02:49 чамасында Хонда Степвагон жана Тойота Авенсис үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына таянсак, кырсыктан бир адам жаракат алды.

Маалым болгондой, окуя болгон жерге ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан