УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Башкы прокуратура менен биргеликте Коргоо министрлигинен жана “Аскер-курулуш” мамлекеттик ишканасынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча жаңы фактыларды таап чыкты. Бул тууралуу 17-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2013-жылдын апрель айында коргоо министринин буйругу менен №61-аскердик шаарчанын имаратын Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн турмуш-тиричиликтик тейлөө комбинатынын багытына өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынган. Ушул себептен министрлик менен “Аскер-курулуш” ишканасынын ортосунда 18 миллион 750 миң сом суммага курулуш тартибин жана долбоордук документтерди иштеп чыгууга келишим түзүлгөн. 2013-жылдын ноябрында тараптардын арасында 9 миллион 685,2 миң сом суммага кошумча иштери менен көрсөтүлгөн келишимге карата кошумча келишим түзүлгөн.
Көрсөтүлгөн келишимдер КРнын “Мамлекеттик сатып-алуу” мыйзамынын талаптарын бузуу менен түзүлүп, тендер жүргүзүлбөгөнү аныкталган. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен, Коргоо министрлигинен, “Аскер-курулуш” жана “ЭРЭС Проект-Строй-Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунан тартылган адистердин комиссиялык текшерүүлөрүндө аныкталгандай, объектинин багытын өзгөртүү жана курулуш иштери КРнын “Шаар-курулуш, архитектура” мыйзамын бузуу менен жүргүзүлгөн. Мамлекеттик экспертизадан милдеттүү түрдө өткөн эмес. Долбоор макулдашылып жана бекитилип, уруксат алынбастан, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссиясы жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан көзөмөл жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле аткарылган жумуштардын көлөмү 7 миллион 477,9 миң сомго жогорулатылган.
Бул факт боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Башкы прокуратура КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-берене (кызматтык жасалмачылык), 221-берене (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 189-беренесине (ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) ылайык кылмыш ишин козгоду. Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, Коргоо министрлиги 2015-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети болуп өзгөртүлгөн.