Адвокат: “Ак үйдүн “7-кабатынын” демилгеси менен №50-СИЗОдон качыруу уюштурулган”

“Ак үйдүн “7-кабатынын” демилгеси менен №50-СИЗОдон качыруу уюштурулган”,- деген пикирин бүгүн, 17-ноябрда тегерек столдун жүрүшүндө №50-СИЗОдон качып, ошол эле күнү кармалган Музаффар Уринов менен Болот Курбанахуновдун адвокаты Номанжан Аркабаев билдирди.

“СИЗОдон качкандарды өлтүрүүгө тапшырма берилгени ачык көрүнүп турат. Бийликтин айрым өкүлдөрү мародёрчулук боюнча бардык издерди жок кылууга кызыкдар болушкан”,- деди адвокат.

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп, качып кеткен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган.
22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан.
Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдө каза болушкан.
Ал эми колониядан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда абакта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Pantherka
2015-11-17 11:21:09
Громкое заявление. Болушу мумкун.
+4
begimai1989
2015-11-17 11:58:54
чондор ойношту да ортого чон акча коюп.Игр на выживание деген кинодой кылып.
Супер инфонун кабарчысынын камерасындагы видеону да очуруп салган окшойт же ал видео чыктыбы?
0
amira15
2015-11-17 12:01:43
Ошондо жетинчи кабатта кимдер отурат??
+4
begimai1989
2015-11-17 12:04:25
120 ХХХ ХХХ ХХХ...
+5
admin_portal
2015-11-17 12:25:55
begimai1989 - 5 күнгө БАН!
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-2
shailoo2015
2015-11-17 12:08:13
Ким болсо да узака барбай калдыго, качканы даярданып жатса керек.
+1
Aviator
2015-11-17 12:09:11
7- кабатта кой терисин жамынган койлор же карышкырлар. ..
+6
Belek2070
2015-11-17 12:20:24
Наманжан байке эми болор иш болду, сиз эми канча чындыкты айтайын десениз да ишке ашыра албайсыз. Бийликтин колунда турганда бардык нерсе чындык чыркырап эле кала берет, озунузго эле душман ашырасыз. Мен ушул шайлоого умут кылган элем кучтуу партиялар биригип оппозиция болотко деп жок кайра эле ошол эскилер ээлеп отурат. Монгулорду жылдыралы деп чыкан Сариев, Жеенбековтор бийликти колго алышты жакында кайра Монгу темасы башталат кочуруп жок кылат монгулорубузду. Жеп жок кылгычтар келди кайрале.
+4
mery.89
2015-11-17 12:25:17
Эми адвокатты да тынчытып кетпесе болду.
+4
Akabai
2015-11-17 13:20:43
Ушу ХХХ эле тургандай сезилип жататда бул иштин артында, бул иш боюнча бирда ооз ачалек, болбосо бакылдаш керек эле
0
admin_portal
2015-11-17 14:36:30
Akabai - эскертүү!
Такталбаган маалымат жазып кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
tilek88.88kg
2015-11-19 13:30:18
Жазанарды соссуз аласынар куда каалаган куну
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан