Октон жарадар болуп колго түшкөн Эдил Абдрахманов телефон аркылуу кайрылуусунда апасынан кечирим суроодо (аудио)

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте "№50-СИЗОдон качуу: аракеттер жана укуктук жыйынтыктар" аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Анын жүрүшүндө түрмөдөн качып, 10 күндөн кийин бутунан жарадар болуп тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун апасы катышуучуларга баласынын телефон аркылуу кайрылуусун угузду.

Анын айтымында, бул кайрылууну Абдрахманов өзү СИЗОдон качуу болгонго чейин бир-эки күн мурун жөнөткөн. Кайрылууда Абдрахманов: "Эң мыкты апашка, ушунчалык кыйналганыңыз үчүн сизден кечирим сурайм. Сизди жакшы көрөм. Дагы көрүшөбүз",- деген сөздөрүн айтат.

Эскерте кетсек, түрмөдөн качуу болгондон 10 күн өткөндө 22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагынан Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Учурда ал №47-колониянын ооруканасында дарыланууда.

Түрмөдөн качкан Эдил Абдрахмановдун апасына кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
nur-patriot
2015-11-17 13:24:07
"бейиш апасынын таманында" . Экстремист болобу террорчу болобу өзүнүн апасын эч качан унутпайт
+21
almagul_aravan
2015-11-17 13:37:02
байкуш энеге кыйын болду.... а Эдилге дагы...
+13
jooshbala
2015-11-17 13:39:30
Ким жардам берди экен ошону жазбайбы
+9
Angel92
2015-11-17 14:00:39
Ачылбай калат бул сыр да.Апасы менен коштошуп жаткандай суйлоптур го,озуно озу кол салды деген кабар укпасак эле эми...
+10
jeti-oguz
2015-11-17 14:28:16
Иий байкуш боорум ооруп кетти неге эле бей куноо адамдарды кыйнап атышат ушу бийликтегилердин кылганы эле бул акмактар
+2
behappy74
2015-11-17 20:40:31
jeti-oguz, Булар канчаны олтурду, канча киши олду булардын айынан.ошол сага байкуш бей кунообу? Эсенерге келсенерчи кеч боло электе хотя бы ак менен караны айрымалап.
0
makemake1979
2015-11-17 14:42:33
Ошо турмодо булар эмес канча адам бар алар неге качпайт олгон балдардын келечеги кана
+2
bekos2012
2015-11-17 14:53:40
№50 СИЗОдо уюлдук телефон менен суйлошуу укугу жок, телефон тартпайт деп журот эле мурдагы маалыматтарды, а бул болсо качууга чейин 1-2 кун мурда жоноткон дейт???????
+8
nur-patriot
2015-11-17 14:58:42
bekos2012, ушусу таң калычтуу. СИЗОнун жетекчилиги "балдар өлүмунун алдында ата-энелери менен коштошуп алышсын" деген да. биздин тюрмөлордо не то что телефон чоң ЭЛДЖи телевзорлар туратт, компютерлер да бар
+11
RaHat19
2015-11-17 19:46:17
укук коргоочулар эмне эле жан тартып атат. кыйын экен, ушулар учун каза болгон биздин патриот жигитерге жан тартпайбы.
0
behappy74
2015-11-17 20:47:08
эмне эле баалантат буларды. улам бирин чыгарып ар кайсыны айттырып. канчанын убалына калды, жазасын бербейби эрте эле. Ушуларга жан тарткандар да кобойду кудай садаган кетейин.ан сезим эмне эле болуп баратат эй.
0
312kyrgyzstan
2015-11-17 21:35:03
Кееде такси кылып 50-сизого барып калдым ал жактан телефон тартпайт екен. Бул кантип жиберген?
0
Jika_fisabillah
2015-11-18 09:50:29
men iwenbeim terrorist ekenine,bizdin aiylda abdan talkuu boldu kee biroo aitat atailap jasawty ustudogulor dep
0
Jika_fisabillah
2015-11-18 09:52:01
бизге берилип жаткан маалыматтын кобу жалганго деп койдум,абактан качкан эмеге кайдагы телефон.
0
tabyshmak
2015-11-19 11:07:31
Турмодон качуу оюнда жок болсо да мажбурлоо менен качышканы ачыкка чыга баштадыбы эми?..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан