Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында террордук топ колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-ноябрда таңкы саат 05:30 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында белгисиз адамдар Мерседес-Бенц 200 автоунаасын токтоп турган жеринен жүргүзүп айдап, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.
"Бул факт боюнча "автоунаа уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 16-ноябрь күнү ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн Кулуштан айылынын 19 жаштагы тургуну Р.Ж. колго түшкөн. Мындан тышкары аны менен бирге кылмыштуу террордук топту түзгөн Ноокат районунун 19-20 жаштагы төрт тургуну кармалган",- деп билдиришти мекемеден.
"19 жаштагы кармалган баланын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда мыйзамсыз сакталган 3 даана граната, 5 даана автомат октору, 4 даана автомат магазиндери, 2 даана милициянын баш кийими, 1 даана милициянын камуфляж формасы, 1 даана МАИнин таякчасы, 4 даана күбөлүктүн сырты, 15 даана уюлдук телефон үчүн сим-карта, 17 даана ар кандай автоунаа ачкычтары, 20 грамм гашиш
баңгизатына окшогон зат, 3 даана флеш-карта алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бүгүнкү күндө козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда",- деп жазылат маалыматта.