"Манас" аэропортунун жолунда күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу 53 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал ошол жерден көз жумду

"Манас" аэропорту жана Жаңы-Жер жолунда күйүүчү май ташыган Мерседес-Бенц Актрос үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 53 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал ошол жерден көз жумду. Чүй облустук жол-кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы 15-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында болгон. Маалым болгондой, 1958-жылы туулган М.В. аттуу унаа ээси 1962-жылы туулган С.З. аттуу жаранды жөө адамдар өтчү жолдон өтүп баратканда сүзүп кеткен. С.З. алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
Учурда унаа айып аянтчасына токтотулду. Экспертиза дайындалып, иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан