Бишкекте тоноочулук фактысына шектүү адамдар кармалышты. Бул тууралуу 17-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 31 жаштагы жаранды тоноп кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Жабырлануучуну 16-ноябрда болжол менен түнкү саат 02:00дө 8-кичи райондо белгисиз жигиттер себепсиз токмоктоп, 8 миң сомун, уюлдук телефонун алып кетишкен.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр борбор калаанын 21 жаштагы К.Б. жана А.Д. аттуу тургундары экени аныкталды. Аларга карата "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголду.